Бишкек шаарындагы РИИБ жетекчилери алмашты

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койду.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкек шаарындагы райондук милиция башкармалыктарында кадрдык алмашуулар болгонун ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койду.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков. - Sputnik Кыргызстан
Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин биринчи орун басары болуп дайындалды
Буйрукка ылайык, милициянын полковниги Сталбек Рахманов Биринчи Май РИИБдин жетекчилигинен бошотулуп, Бишкек ШИИБдин ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалды. Милициянын полковниги Уланбек Султанов Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басарлыгынан бошотулуп, аталган РИИБдин жетекчиси болду.

Ал эми милициянын полковниги Айбек Жайлообеков Ленин РИИБдин жетекчилигинен бошотулуп, Биринчи Май райондук ИИБдин жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин ага карата кол алдында иштегендердин арызданганы маалымдалган.

Милициянын полковниги Мадияр Кулуев Октябрь РИИБдин жетекчилигинен бошотулуп, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0