Улут аралык чырды тутанткан деп соттолгон Азимжан Аскаровдун ишин сот карайт

© Фото / пресс-служба ГСИН КР2010-жылдын июнь айында улут аралык араздашууну тутанткан деп соттолгон Азимжан Аскаров. Архив
2010-жылдын июнь айында улут аралык араздашууну тутанткан деп соттолгон Азимжан Аскаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандык уюштурганы үчүн соттолгон.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. 2010-жылдын июнь айында улут аралык араздашууну тутанткан деп соттолгон Азимжан Аскаровдун жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишин Жогорку Сот 11-июлда карай турганын соттон билдиришти.

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азимжан Аскаровдун үйү мамлекеттин пайдасына конфискацияланат
Июль айында (2015-жылы) АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгынын ыйгарылышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан.

Ага жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган.

2016-жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттеринин доклады жарыяланып, анда "Аскаров мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат, андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабын коюшкан.

ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу менен Прессанын эл аралык институту дагы Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0