Юстиция министрлиги жер-жерлерде акысыз юридикалык жардам көрсөтөт

© flickr.com / Michael CoghlanФемида таразасы. Архив
Фемида таразасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чара юристтердин кесиптик майрамын утурлай уюштурулууда.

БИШКЕК, 22-июн. – Sputnik. Юристтердин кесиптик майрамын утурлай Юстиция министрлиги тарабынан жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү кызматтары уюштурулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Юстиция министрлигинин медиа эксперти Гүлзада Шаршеналиева билдирди. 

Блокнотко жазуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Укук маселелерин чечүүгө Бишкектин Ленин акимиаты жардам берет
Иш-чара 22-23-июнь күндөрү "Укугуңду бил" ураанынын астында бүтүндөй республика боюнча өтөт. 

Укуктук жардам юстиция министрлигинин юристтери тарабынан жазуу жана оозеки түрүндө берилет. Акысыз юридикалык жардам берүү пункттары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын имараттарында жана калктуу жайларга жайгаштырылат. 

Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, иш-чаранын негизги максаты — жарандардын укугун коргоо, калктын укуктук сабатын жана маданиятын жогорулатуу менен жергиликтүү бийлик, юристтер жана калктын өз ара мамилесин бекемдөө болуп саналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0