Бишкек унаа токтотуучу жай издеп жатат. Башка өлкөлөрдө абал кандай?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтоунаа токтотуучу жай. Архив
Автоунаа токтотуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкек мэриясы унааларды токтотуучу жаңы жайларды уюштуруу үчүн жер изделип жатканын билдирген.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Эл жыш жайгашкан дүйнө шаарлары сыяктуу эле Бишкекте дагы унаалар көп болгондуктан унаа токтотуучу жайлардын тартыштыгы көйгөй жаратып келет. 

Токтоп турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 1-июлдан тартып унаа токтотуучу жайлар акы алып иштейт. Баасы
Бишкек шаарынын мэриясы жаңы унаа аянтчаларын уюштуруу үчүн жер тилкелерин табуу маселесин карап жатат. Мындан тышкары, унаа токтотуучу жайларга 1-июлдан тартып акы төлөнүп калышы ыктымал

Sputnik Кыргызстан агенттиги унаа аянтчалары боюнча "баш ооруну" башка өлкөлөр кандайча чечип келгенин билип көрдү. 

Жер аянтын үнөмдөөчү автоматтык унаа токтотуучу жай Дубайда жайгашкан. Текчелерден турган айланма конструкцияны курууга болгону беш күн гана керектелет.

Кытай. Жер астындагы унаа токтотуучу жайлар көйгөйдү чечип келет. Мындай автоматташтырылган унаа аянтчалар маселени оң жакка чечкени менен ал кымбатка турарын белгилешет.

Сингапурдагы Hamilton көк тиреген көп кабаттуу үйдө унаалар үчүн өзүнчө бөлмөлөр курулган. Куруучулар 30-кабатка чейин жете турган унаа лифттерин орнотуп коюшкан.

Япония. Унаалар эмес адамдар үчүн жер аянты тартыш болгон Японияда бир чарчы метр аянт баалуу болуп эсептелет. Буга байланыштуу япондуктар бир эле жерге эки унааны токтотуунун эбин табышкан.

Индия. Роботтошкон унаа токтотуучу жай интеллектуалдык системанын башкаруусунда ишке ашырылат. Имараттын ичине 100дөн ашык унаа батат.

Дагы кандай түрлөрү болушу мүмкүн

Жер астындагы унаа аянтчаларын эки ярустук кылып орнотуу дагы ыңгайлуу. Мындай идея Бишкекке туура келсе керек.

Көп кабаттуу автоматтык унаа аянтчасы

Бир катар европалык мега полистер тик кеткен көп кабаттуу автоматташкан унаа аянтчаларын куруу менен "баш ооруну" чечип келишет. Айдоочулар гаражга унаасын жайгаштыруу менен убара тартышпайт. Иштин баарын робот өзү жайгарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0