Япон элчиси Коикэнин Кыргызстандагы сапары карыды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ. Архив
Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тышкы иштер министри Такаюки Коикэнин эки өлкөлөр ортосундагы мамилени чыңдоого кошкон салымы зор экенин белгиледи.

БИШКЕК, 21-июнь — Sputnik. Тышкы иштер министр Эрлан Абдылдаев Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Эскертке кетсек, Такаюки Коикэнин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы соңуна чыгуу алдында турат. 

Абдылдаев Такаюки Коикэнин эки өлкөлөр ортосундагы мамилени чыңдоого кошкон салымы зор экенин эске салып, элчиге ыраазычылык билдирди. 

Иш-чаранын соңунда тараптар мындан аркы кызматташуу жолдорун сүйлөшүштү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0