БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Маданият министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев Жогорку Соттун чечими менен камактан бошотулду. Бул туурасында Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.
Ал буга чейин Бишкек шаардык сотунун чечими менен алты жылга эркинен ажыратылган.
Шейшемби күнү болгон соттук коллегияда Максат Чакиевдин иши каралган.
Чакиевдин ишинде айтылгандай 350-беренеде кылмыштын элементтери жок деп табылып, ал эми экинчи берене боюнча 500 миң айып пул төлөө белгиленди.
Соттун чечиминен кийин ал камактан чыгарылды.
2015-жылдын 28-майда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Чакиевди ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармашкан.