Сузакта бачабаздыкка шектелген имам 2 айга камалды

Жазылуу
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы шектелип жаткан адам мечитте 3-4 жылдан бери иштеп келгенин жана муфтият да өз тарабынан ишти териштирип жаткандыгын айткан.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Сузак айыл өкмөтүндөгү мечиттин бачабаздыкка шектелген 58 жаштагы имамын Сузак райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облустук ИИБден билдирди.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызын зордуктап жүргөн өгөй ата өмүр бою эркинен ажыратылды
Эске сала кетсек, 19-июнь күнү Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүндөгү мечиттин 58 жаштагы имамы бачабаздыкка шектелип кармалган.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында 19-июнь күнү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген эле.

"Райондук сот аны эки айга камакка алуу баш коргоо чарасын чыгарды", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Максат Атабаев шектелип жаткан адам мечитте 3-4 жылдан бери иштеп келгенин, учурда муфтият да өз тарабынан ишти териштирип жаткандыгын билдирген.

Шектүү Сузак районунун тургуну жана үй-бүлөлүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0