Арсланбапта жергиликтүү тургун 455 кг жаңгак кабы менен кармалды

Жазылуу
Ал өздүк унаасы менен капты токойдон алып чыгууга аракет кылган.

БИШКЕК, 20-июн — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун тургуну 455 килограмм жаңгак кабы (уюл) менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-июнь күнү Арсланбап айыл өкмөтүнүн 28 жаштагы тургунунун унаасын текшерүү учурунда жаңгак кабы алынган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 279-1-беренеси боюнча (Бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу) кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0