КР авиакомпанияларынын Европага кирбей калышынын сегиз себеби

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2006-жылы Кыргызстандын бардык авиакомпаниялары Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирип, ага мүчө болгон мамлекеттердин аба мейкиндигине жол жабылды. Тизмеден чыгуу үчүн кандай иштер жасалганын Жарандык авиация агенттиги айтып берди.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Европа комиссиясы (ЕК) жакында эле Евробиримдикке кирген мамлекеттердин аба мейкиндигине учактарынын кирүүсүнө тыюу салган авиакомпаниялардын жаңыланган "кара тизмесин" жарыялады.

Тамчы айылындагы аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын, РФтин, Казакстандын авиакомпаниялары Ысык-Көлгө каттам ачууну пландоодо
Тизмеге кирген 216 компаниянын ичине Кыргызстанда катталган бардык 13 авиакомпания кирген. Алардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугунан тизмеге кирип калган. Кыргызстандык авиакомпаниялар аталган тизмеде 2006-жылдан бери турат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев ИКАО (Эл аралык жарандык авиация уюму) уюмунун компаниялардын талапка жооп беришинин сегиз критерийи бар экенин белгилейт.

  1. Аба мыйзамы (Аба кодексин кабыл алуу менен Кыргызстандагы абал бир аз жакшырган);
  2. Өлкө ичиндеги жарандык авиация системасын уюштуруу (абал жакшырууда);
  3. Аба кемелерин жай мезгилинде эксплуатациялоо (ИКАО начар баа берген);
  4. Авиациялык персоналды классификациялоо жана күбөлүк берүү (начар деген баа ИКАО тарабынан жакында эле алынды);
  5. Аба кемелеринин учууга жарамдуулугун көзөмөлдөө;
  6. Аэронавигация;
  7. Аэродромдор жана жердеги каражаттар;
  8. Авиациялык кырсыктарды иликтөө.

Өмүралиев аталган ар бир пункт боюнча эскертүүлөр бар экенин, мындан тышкары дагы бир чоң эскертүү жакында эле алынганын кошумчалады.

"Учурда кемчиликтерди жоюу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Эмдиги жылы Кыргызстандын авиакомпанияларын "кара тизмеден" чыгаруу үчүн текшертүү максатында ИКАО комиссиясын чакырабыз", — деди ал. 

Агенттиктин жетекчиси Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгуу жаңы авиакаттамдарын ачып тим болбостон, камсыздандыруу төлөмүн азайтып, кемелердин ижара баасын арзандатарын белгиледи. Анткени учак ээлери "кара тизмедеги" компанияларга өтө этияттык менен мамиле кылышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0