Кыргызстанда "Орозо чатыры" ачылат

Жазылуу
Ооз ачуудан кийин конокторго маданий программалар менен ислам тууралуу лекциялар өткөрүлөт.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу "Орозо чатыры" ачылат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири "Ыйман" фонду билдирди. 

Орозо айында ифтарга даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орозо күнү эң узак болгон өлкөлөрдөгү кыргыздар кантип жатат
Маалыматка ылайык, аталган долбоордун максаты аз камсыз болгон жарандар жана орозо туткандардын чогулуп отуруусуна чоң мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.

Бекер ооз ачуу 200 адамга даярдалат. Мындай иш-чара 20-30 июнь аралыгында өткөрүлөт. Мындан тышкары, маданий программалар менен ислам дини тууралуу лекциялар өткөрүлүп, фильмдер көрсөтүлөт.

Аземдин ачылышы дүйшөмбү күнү Арабаев атындагы окуу жайдын аймагында өткөрүлөт.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысы кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0