Айтматовдун сүрөтүнүн баасы аукциондо 300 миң сомдон башталышы мүмкүн

© Фото / Азамат ЖаналиевУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жип менен мыктан жасалган портрети
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жип менен мыктан жасалган портрети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукционго депутаттар менен бир катар мамлекеттердин элчилери катыша алат. Учурдагы баштапкы баа 88 миң сом.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жип менен мыктан жасалган портретинин баасы 300 миң сомго чейин жогорулашы мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине автор Азамат Жаналиев билдирди.

Портрет үч жум мурун жасалып, анын баштапкы баасы 88 миң сом деп белгиленген. Эми Жаналиевдин айтымында, Тышкы иштери министрлиги, Архитекторлор жана сүрөтчүлөр союздары эмки жумада чогулуп, жаңы бааны аныкташмакчы.

"Баанын кантип аныкташарын мен билбейм, бирок сөз 300 миң сом жөнүндө болуп жаткан", — деди ал.

Жаналиев аукциондун күнү 21-июндан 26-июнга жылганын белгиледи.

"Депутаттар менен атка минерлердин келишин күтүп жатабыз. Мындан тышкары, элчиликтер менен консулдуктардын өкүлдөрү да келет деген маалымат бар", — деди автор.

Портретти сатуудан түшкөн каражат Кыргызстан тууралуу иликтөөлөргө жумшаларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0