Эргежээл шоумен: сүйүктүүмө 101 роза сатып алып, көтөрө албай кыйналгам

Жазылуу
Дене-мүчөсүндө кемтиги бар адамдар көп учурларда телегейи тегиз адамдарга салыштырмалуу эрктүү келип, койгон максаттарына жете билген кашкөйлүгү менен айырмаланып келишет.

Сакадай бою менен элдин сүймөнчүгүнө айланып, кино жана клиптерге көрк кошкон Уларбек Батыркулов журналист Гүлдана Талантбековага сүйүктүүсүнө кантип 101 роза арнаганын, Аскар Акаев эмне себептен 100 сом бергенин жана эмне үчүн узун кыздарга үйлөнүүнү каалаганы туурасында айтып берди.

— Уларбек мырза дайыма жадырап-жайнап, ачык сүйлөгөн жигитсиз. Мен дагы ачык эле "боюңуздун өспөй турганын качан билгенсиз" деген суроону бергим келип турат?

— Ата-энемдин айтымына караганда мен буту-колу кыска болуп төрөлүптүрмүн. Апам ошондо эле боюм кыска болорун билип, Кудайга үмүт артып жүрүптүр. Ал эми мен боюмдун өспөгөнүн беш жашымда билдим, бирок кичинекей болгондуктан анчейин түшүнө берген эмесмин. Мектепке барганда башка балдарга өзүмдү салыштырып жүрдүм. Мурун арык болгондуктан башым чоң көрүнчү, азыр денем стандарт болуп, боюм 125 сантиметр, салмагым 55 килограммды түзөт.

— Бала үчүн күйүп-бышпаган ата-эне болбойт. Атайын бейтапканаларга алып барышты беле?

Ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков менен болгон ачык маек: күйөрман кыздарым менен мамиле түзбөйм!
— Мурда Кочкор-Атага Бишкектен элдин ден соолугун текшергени комиссия келип, мени караганда баары таза болуп чыккан. Ошондо дарыгерлер чакырып алып "ата-энең сенин боюңду өстүрөбүз деп түрдүү дарыларды бериши мүмкүн, бирок алар тескерисинче саламаттыгыңа зыян. Кийин өзүң эле өсүшүң мүмкүн, болбосо Кудайдын буйругу" деп айтышкан. Кийин ата-энем бейтапканадан бейтапканага алып барып дарылатабыз дегенинен доктурдун сөзүн эки кылбайын деп тил албай койдум. 

— Андан кийин эмне болду. Маселенин себеби аныкталдыбы?

— Анан сүрүштүрө келгенде жети атадан кийин төрөлө турчу бою кичинекейлер тукумубузда бар экен. Ошондо чоң атам "балабыз кичинекей деп терикпегиле, кийин узун бойлуу аял алып берсеңер, балдары кадимкидей төрөлөт" деп айткан. 

— Кийим тандоо жагынан маселе жаралса керек?

— Бут кийим тандоо жагынан абдан кыйналам. Көбүнчө кичинекей балдарга ылайыктуусу туш келет, узуну батса туурасы тар болуп калат. Ал эми үстүңкү кийимдерди табуу жеңил. Шымдарды, костюмдарды сөзсүз кыскартып кием. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУларбек Батыркулов: Бут кийим тандоо жагынан абдан кыйналам. Көбүнчө кичинекей балдарга ылайыктуусу туш келет, узуну батса туурасы тар болуп калат. Ал эми үстүңкү кийимдерди табуу жеңил
Интервью с кыргызским актером Уларбеком Батыркуловым - Sputnik Кыргызстан
Уларбек Батыркулов: Бут кийим тандоо жагынан абдан кыйналам. Көбүнчө кичинекей балдарга ылайыктуусу туш келет, узуну батса туурасы тар болуп калат. Ал эми үстүңкү кийимдерди табуу жеңил

— Мамлекет тараптан жардам берилсе керек?

— 2-топтогу майып катары мамлекеттен ай сайын пенсия алып турам. Ал эми чыгармачылыкка аралашкандан кийин баскан-турганы жакшы, өзү акча табат экен деп 3-топко түшүрүп салышкан. Азыр "3-топтогу майыптыгы бар" деп айына 2000 сом пенсия алып турам.

— Келиңиз, эми кеп нугун чыгармачылыкка буралы. Сизди шоу-бизнестин өзгөчө мүчөсү катары билебиз. Чыгармачылыктын кыйыр жолуна кантип аралашып калдыңыз? 

— Мен 5-классымдан тарта музыкалык мектепте окуп, чыгармачылыкка аралаша баштагам. Ал жактагы эже-агайлар талантымды байкап ырдап көрбөйсүнбү деп айтып жүрүшчү. Ал ортодо мен төрөлүп өскөн Кочкор-Ата районунун 50 жылдыгына арналган концертте эл алдына чыгып биринчи жолу ырдагам. Ошондо Аскар Акаев мени көрүп, талантыма баа берип 100 сом берип жибериптир. Жүз сом ал кезде бир топ эле акча болчу. Туңгуч президентибизден мындай белек алуу мага ошондо чоң стимул берген.

— Чыгармачылыктагы алгачкы кадамдар туурасында айта кетсеңиз?

Эстрада ырчысы Каныкей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Каныкей: мен эксперименттерди жасай турчу курактан өттүм
— Мен айылга коюп келген концертке калбай барчумун. 8-класс кезимде ырчы Артык Саитов концерт коюп келип, мени көрүп жактырып калыптыр. Ал мага клипке тартыласыңбы деген сунушун киргизген. Ошентип "Зарина" деген ырынын клибине тартылып, чыгармачылыкка алгачкы кадамымды таштагам. Анан кино, клиптерге чакыра башташты. Азыр өзүмдүн ырларым бар, клип дагы тарттырууга жетиштим. Эки-үч тасмага тартылдым. Өзүмдүн күйөрман, угармандарым бар. Буюрса, акырындык менен чыгармачылыктын даңгыр жолун багындырам деп максат койгом.

— Чыгармачылыктан тышкары, кайсы бир кесиптин ээси болдуңузбу?

— Ата-энем сен курулушчу сыяктуу жумуштарга иштей албайсың, отуруп эмгектенгидей жумуш тап деген ой менен программист болуумду каалашчу. Анан биринчи курсумда эле чыгармачылык деп жүрүп окуудан чыгып калгам. Азыр кайрадан тапшырсамбы деп жүрөм. Ырчылыкты хобби катары, ал эми актерлукту андан олуттуу карайм. Ошондуктан актерлук жагынан билим алсам деп каалоом күч.

— Жүрөгүмдүн ээсин таптым, күзүндө үйлөнөм деп жүрдүңүз эле. Сүйүктүүңүз менен кантип таанышып калдыңыз?

— Азыр сүйлөшкөн кызым Россияда, жолугуп турабыз. Эки жыл мурун тойдон таанышканбыз. Башында дос катары сүйлөшсөк, кийин бири-бирибизди жактырып калдык. Мен анын түшүнүктүүлүгүн баалайм. Мен кандай болсом ошондой кабыл алды. 

Ардактуума белек тартуулаганды жактырам. Бир жолу туулган күнүндө 101 роза бергем. Гүлдүн салмагы 17 килограмм болгондуктан, көтөрө албай кыйналганым эсимден кетпейт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУларбек Батыркулов: Ардактуума белек тартуулаганды жактырам. Бир жолу туулган күнүндө 101 роза бергем. Гүлдүн салмагы 17 килограмм болгондуктан, көтөрө албай кыйналганым эсимден кетпейт
Интервью с кыргызским актером Уларбеком Батыркуловым - Sputnik Кыргызстан
Уларбек Батыркулов: Ардактуума белек тартуулаганды жактырам. Бир жолу туулган күнүндө 101 роза бергем. Гүлдүн салмагы 17 килограмм болгондуктан, көтөрө албай кыйналганым эсимден кетпейт

— Сүйүктүүңүздүн ата-энеси сиз жөнүндө билишеби? 

— Учурда алардын жообун күтүп жүрөбүз. Кыздын ата-энеси кандай кабыл алат, белгисиз. Бирок сүйүктүүм "мен мурун эле чечим чыгаргам, эмне болгон күндө да баары бир бирге болобуз" деп айтып келет. 

— Өткөндө инстаграм баракчасында бою сиздей кичинекей кыз менен түшкөн сүрөтүңүз чоң талкуу жаратты. Жадагалса бакыт каалап жибергендер болду?

— Ошол сүрөт мени абдан пиар кылды окшойт. Чынын айтсам, өзүм жүктөгөн эмесмин. Бир жолу досум студияга чакыртып ал кыз менен тааныштырган. Абдан уялчаак кыз экен. Анын үстүндө мен көпчүлүктүн арасында жүрүп кемчилигиме көнгөм, ал кызды карап боорум ооруду. Сүйлөшүп отурганда досторум сүрөткө тартып социалдык тармактарга жүктөп жиберишиптир. Анан досторума сүйгөн кызым таарынат, аракеттенбей эле койгула, мен баары бир узун кызга үйлөнөм деп сүрөттөрдү өчүрттүргөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0