Өзбекстандын, РФтин, Казакстандын авиакомпаниялары Ысык-Көлгө каттам ачууну пландоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековТамчы айылындагы аэропорт. Архив
Тамчы айылындагы аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Тамчы айылындагы аэропортту оңдоо иштери жүрүүдө. Андан кийин ал күнү-түнү дебей учактарды кабыл ала баштайт.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Өзбекстандын, Россиянын, Казакстандын авиакомпаниялары Ысык-Көлгө түз аба каттамдарын ачууну пландап жатканын Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы аэропортту оңдоо иштери жүрүүдө. Жарык берүү сигналын орнотуу, учактардын конуу системасын жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо иштери аткарылууда. Бул иштер жасалгандан кийин аэропорт күнү-түнү иштеп баштайт. Бир катар аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

"Өзбекстандын ("Өзбек аба жолдору" Ташкент —Тамчы), Казакстандын (SCAT Шымкенттен, Алматыдан жана Астанадан Тамчыга түз каттам) жана Россиянын (S7 Airlines Новосибирск —Тамчы) компаниялары аба каттамдарын ачууну каалашат. Бул биздин эски өнөктөштөр, алар Ысык-Көлдү жана анын туристтик потенциялын билишет", — дейт Өмүралиев.

Ал ошондой эле азырынча кимдер каттамдарды ачарын так айтуу кыйын экенин белгиледи. Себеби, аэропортту оңдоо иштери толук аяктай элек. Ал аяктагандан кийин компаниялар аудит жасашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0