Боом капчыгайында таш басып калган жол тазаланды

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайындагы автотрасса. Архив
Боом капчыгайындагы автотрасса. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-июнга караган түнү 5 куб метр көлөмүндөгү таштар жолдон алып салынды.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолу 128-чакырымына кулаган таштардан тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү саат 22.20 чамасында Боом капчыгайына таш кулап жолду жаап калган

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя болгон жерге жолду тазалоочу унаалар тартылып, 17-июнга караган түнү саат 00.00дө 5 куб метр көлөмүндөгү таштар жолдон алып салынган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0