Кредитке алынган келиндер — насыя тууралуу олуттуу маек

© Sputnik / Табылды КадырбековКоммерциялык банктардын биринде насыялоо башкармалыгынын жетекчиси, финансист Айдин Данияров. Архив
Коммерциялык банктардын биринде насыялоо башкармалыгынын жетекчиси, финансист Айдин Данияров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банк кайсы учурда насыяны төлөө мөөнөтүн узартып, Кыргызстанда коллектор дегендер иштейби. Бул тууралуу Sputnik кабарчысы Асель Минбаева билип көрдү.

Коммерциялык банктардын биринде насыялоо башкармалыгынын жетекчиси, финансист Айдин Данияров банкты алдоо аракети эмне менен бүтө турганын жана көйгөйлүү насыячылардын тобу кандай түзүлөрүн жакшы билет.

— Эмне үчүн бизде насыялар мынча кымбат? Улуттук банктын маалыматы боюнча, орточо үстөк пайыз 21 пайызды түзүшү керек, насыяны жарым пайыз менен берген өлкөлөр бар го!

— Кыргызстандын экономикасы Европа менен Американыкынан начар болсо, насыялар кайдан арзан болмок эле? 

Ырчы Мирбек Атабеков интервью учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Атабеков менен болгон ачык маек: күйөрман кыздарым менен мамиле түзбөйм!
Кеп мында да: биздин өлкөнүн экономикасынын, ачыгын айтканда, тобокелдүүлүгү жогору. Ошондуктан Кыргызстандын банктары инвестицияларды өнүккөн өлкөлөргө караганда бир топ жогору пайыз менен алышат. Кытайдын, Россиянын, Американын банктары өз коопсуздугун камсыздап, пайдасын да көргүсү келет эмеспи, мунун баары тең үстөк пайызга киргизилет да.

Өз кезегинде биздин банктар да насыянын наркына өз тобокелчиликтерин, операциялык чыгымдарын жана көрө турган пайдасын кошот. Натыйжада керектөөчү ушундай насыя алат.

— Банктар акча ала турган башка жер жокпу?
— Каражаттын кайсы бир бөлүгү акчаларын өз эсебине же депозитке салып койгон кыргызстандыктардан келип түшөт. Айрым бөлүгү коммерциялык банктардын жеке акционерлеринен түшчү акчалар.

— Бир жолу мен шаардын таштандылары чыкчу жайда болгом. Ал жакта желим бөтөлкө чогулткандар насыя төлөшөрүн айтып, бири-биринен сөз талаша даттанышкан эле. Каржылык жактан эң ишеничсиз адамдарга эмне үчүн насыя берилерине такыр акылым жетпей койду.

— Андай жагдайлар болушу толук мүмкүн. Банк кызматкери банктын ички процедураларын жана талаптарын бузуп, өзүнүн ишеничсиз тааныштарына алып берип коюшу ыктымал. Бирок баары бир акыры жооп берет. Мындай кырдаал анын кесиптик келечегине кедергисин тийгизет. 

— Бирок баары бир банк чыгым тартпайт да?
— Банкты кызыктырганы — кардар алган насыясын баштапкы шарттарда кайтарып берсе болду. Ал үчүн көйгөйлүү насыячынын мүлкүн алып коюунун пайдасы жок. Бул чуулуу жана узакка созула турган процесс. Жекече карыз берүүчүлөрдүн максаты башкадыр. 

© Sputnik / Табылды КадырбековФинансист Айдин Данияров: Банкты кызыктырганы — кардар алган насыясын баштапкы шарттарда кайтарып берсе болду. Ал үчүн көйгөйлүү насыячынын мүлкүн алып коюунун пайдасы жок. Бул чуулуу жана узакка созула турган процесс.
Интервью с финансистом Айдином Данияровым - Sputnik Кыргызстан
Финансист Айдин Данияров: Банкты кызыктырганы — кардар алган насыясын баштапкы шарттарда кайтарып берсе болду. Ал үчүн көйгөйлүү насыячынын мүлкүн алып коюунун пайдасы жок. Бул чуулуу жана узакка созула турган процесс.

— Биздин банктар ишенчээк адамдарды алдап, карызы толук төлөндү деп оозеки айтып коюшат. Бирок ал толук төлөнө электигин үстөк жана айып пайызы өскөнгө чейин кардардан бир канча убакыт жашырып турушат имиш деген сөздөр айтылып жүрөт. Ушундай болушу мүмкүнбү?

— Кардар банкка насыя төлөгөнү акыркы жолу келгенде карызынан толук кутулганын көрсөтүп, күрөөгө коюлган мүлкү болсо, аны бошотуу туурасында арызын жазат. Ал насыясын толук төлөгөндүгү жөнүндө далил кат же карызы жоктугун тастыктай турган кагазды акысыз алууга укуктуу.

Андай окуялар болсо да, сейрек кездешет, бул алдамчылык менен байланышкан. Дегинкиси, банктар көзөмөл органы болуп эсептелген Улуттук банк тарабынан дайыма текшерилип турат. Ошондуктан андайлар болсо да, бөгөт коюлуп, дароо кардардын пайдасына чечилет. 

— Мен насыя алган адамдарды өзүм бир-эки жолу жолуктургам. Алар банктар үстөк насыя чегерүүдө алдап коюшту деп эсептешет. Бизде мыйзам боюнча, алгач карыздын өзүн жаап, анан гана үстөк пайызды төгүшөт. Эгер тескери болсо, төлөө мөөнөтү узарып кетет. Мындай көрүнүш канчалык көп кездешет?

Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трактор же iPhone. Министр Кытай заводдорун Кыргызстанга алып келүү жөнүндө
— Мурда мындай учурлар болгон. "Карызга берүүчүлүк жөнүндө" мыйзам кабыл алынгандан кийин буга тыюу салынган. Алгач башкы карыз, андан соң үстөк пайыз, акырында гана айып төлөмдөр жүргүзүлөт. Болгондо да, акыркысы алынган насыянын 20 пайызынан ашпоосу керек. 

Мурда банк үчүн бул маселе жагынан чектөө жок эле: адам 2-3 жыл насыя боюнча карызын төлөбөй жүрө берип, анан насыянын өзүнөн бир нече эсе көп карызга батып калчу. Эми мындай мүмкүн эмес. 

— Адамдардын тез аранын ичинде эле көйгөйлүү насыячы болуп калуусуна эмне себеп?

— Эл өз мүмкүнчүлүгүн ашыра баалап, жыргап эле насыя ала беришет. Аны кайра төлөп бере албаса, ал өзү күнөөлүү. Келишимге өзү кол коюп, акчаны да өз колу менен алат да. 

Алардын башкы катасы: "Ох, азыр мен 30 миң сом таап жатамбы, демек эртең деле ошол 30 миңди табам" деп ойлошот. Туруктуу айлык маяна алгандардыкын анча-мынча алдын ала айтууга болсо, ишкердин кирешесине эч ким кепилдик бербейт. Банк сураган акчасын кыскартып, мисалы, миллиондун ордуна 500 миң сом берип койсо кардарлар кээде таарынышат. Банк болсо анын кызыкчылыгы үчүн жасайт муну! Карызга батып калбасын дейт да. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйдин Данияров: Насыя — бул жоопкерчилик. Көп өлкөлөрдө карызыңды төлөбөсөң, сага эч ким эч качан насыя бербейт. Ал турсун, өлкөдөн чыга да албайсың! Бул жагынан бизде азыр система начар.
Интервью с финансистом Айдином Данияровым - Sputnik Кыргызстан
Айдин Данияров: Насыя — бул жоопкерчилик. Көп өлкөлөрдө карызыңды төлөбөсөң, сага эч ким эч качан насыя бербейт. Ал турсун, өлкөдөн чыга да албайсың! Бул жагынан бизде азыр система начар.

Келишимди окубай туруп кол коюп берип коюп, анан банкка нааразы болгондор бар. Айрымдарын тааныштары алдап коёт: өз насыясын аларга каттатып же кепил болуп берүүнү, күрөөгө мүлкүн берүүнү сурашат. Андайды өтө жакын жана аябай жакшы билгендерге гана кылып берсе болот. 

— Кыргызстандыктар чынында эле келишимдерди такыр окушпайт, туурабы?
— Окуш керек. Насыя — бул жоопкерчилик. Көп өлкөлөрдө карызыңды төлөбөсөң, сага эч ким эч качан насыя бербейт. Ал турсун, өлкөдөн чыга да албайсың! Бул жагынан бизде азыр система начар. Карызкорго сот аркылуу гана таасир кыла алабыз. 

— Карызды кайтаруу жөнүндө айтсак. Демек, аягы суюлбаган сот отурумдарынан башка карызды кайтарып алуунун мыйзамдуу жолу жок. Ал эми Россияда, жаңылыктарга таянсак, мыйзамдуу жана анча мыйзамдуу эмес жолдор боюнча карыздарды кайтаруу менен алектенүүчү коллектордук агенттиктер, компаниялар аябай иштеп жатышпайбы. Бизде андай барбы?

— Бар. Ар бир коммерциялык уюм коллектордук агенттик менен кызматташабы же жокпу, өзү чечет. Чынын айтсам, мен аларга туш болгон эмесмин. 

Коммерциялык банктар карыз алуучуну алдын ала иликтеп, талдап чыгууну артык көрүшөт. 

— Тойго карыз алгандар көп болобу?
— Ооба. Айрым учурда калың төлөш үчүн же кыз узатыш үчүн алышат. 

— Андай максаттарга насыя бересиздерби?
— Керектөөчүлүк насыя деген бар. Кардар үйүн оңдойм деп коёт да, той-пой өткөрө берет. Акча башка максаттарга жумшалып кеткени кийин билинет. 

— Мындайды кандайдыр бир жол менен текшересиңерби?

Microsoft жана Google компанияларында күч сынаган Акжол
— Келишим түзүп жатканда карыздын максаты дайыма көрсөтүлөт. Кардар бардык милдеттемелерин аткарышы керек. Эгер ал алдай турган болсо, банк айып салып же насыяны максатка ылайык эмес пайдаланган үчүн анын көлөмүнөн орто эсеп менен 1-5 пайыз комиссия алат (ар бир банктын өз тарифи бар). Айрымдары карызды шашылыш түрдө толук төлөп берүүнү талап кылышат. Бул келишимде көрсөтүлөт. 

— Үйүн оңдогон-оңдобогонун кийин текшеришеби?
— Ооба. Бул да келишимде жазылган болот. Документтерин көрсөтүүнү талап кылып, керек болсо, оңдоо иштери жүргөн жерге барышат. 

— Үйүн оңдоого 20 миң доллар алып, 10 миңине ремонттоп, калганына той өткөрүп койсочу?
— Андай учурда кардар банкка эртелеп эскертиши керек. Бирок эгер андай болуп калса, компания маселени кардар менен сүйлөшүү аркылуу чечет. Чара көрүш керекпи же жокпу, кийин банк өзү чечет. Бирок биз келишимдин пункттарын бузбоону сурайбыз. 

— Кайсы учурда насыяны төлөөдө банк кардарга жардам берет?

— Мисалы, адам олуттуу дарттын айынан насыясын төлөй албай жатса. Же карыз алган адамдын өзү каза болуп калса. Коммерциялык банк мындай учурлардын ар бирин өзүнчө карайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0