Бишкектеги чоң сааттын циферблаты алтын түскө боёлот

Жазылуу
Куранттагы сан жана жебелер оңдолуп, жарнамалык конструкциялар алып салынат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ишканасы Бишкектеги чоң сааттын эки циферблатын капиталдык ремонттон өткөрүп жатканын шаардык мэрия билдирди.

Айчүрөк дүр-дүйнө дүкөнүнүн фонтан комплексинин долбоору - Sputnik Кыргызстан
ЦУМдун жанындагы фонтандын оңдоодон кийинки көрүнүшү
Ремонт иштеринин жүрүшүндө сааттагы сандар, жебелер сусаль (алтын түстөгү кагаздай жука металлдан жасалган нерсе — ред.) алтыны менен капталып, тышкы жарнама үчүн каралган конструкциялар алып салынат.

Оңдоо иштери сааттын жагымсыз көрүнүшүнөн улам жана Эгемендүүлүк күнүнө карата башталган. Анын аяктоо мөөнөтү болжол менен эмки айдын ортосуна белгиленүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0