"Бишкекасфальт": жол чийиндер өчкөн жок, жаанга жуулуп өңүнө чыгып калды

Жазылуу
Түштүк магистралдагы жол чийиндери сууга жуулуп калгандыгы тууралуу маалымат таркады. "Бишкекасфальт" ишканасынын жетекчиси жолдорду өзү текшерип келгенин айтат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Катуу жааган жаан жол чийиндерге залакасын тийгизген жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Бишкекасфальт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров билдирди. 

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда катуу жааган жаандан улам Түштүк магистралдагы жол чийиндери сууга жуулуп калгандыгы тууралуу маалымат таркаган. 

"Түштүк магистраль жолун өзүм барып текшерип келдим. Жаандан улам жол чийиндин үстүндөгү кирлер жуулуп, сонун болуп калыптыр. Өчүп калды деген болбогон кеп", — деп билдирди Амантуров. 

Ал сатылып алынган материалдар Кытайдыкы эмес экенин кошумчалады.

"Жол чийиндерин боёгон сыр Россия менен Европадан келет. Сапаты жакшы. Алты айлык кепилдиги бар. Эгер мөөнөтүнөн мурда өчүп калса, алып келген компания өзүнүн эсебинен бардык чыгымдарды төлөп берет", — деди муниципалдык ишкананын жетекчиси.

Белгилей кетсек, жол чийиндерин жаңыртууга жалпы 30 миллион сом бөлүнгөн. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында боёкту "Кама", ал эми термопластты "Нур трафик" ишканасы алып келмей болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0