Исфанада мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн тигүү цехи ачылды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүТигүү шехи. Архив
Тигүү шехи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демөөрчүлөр бул жай майыптар үчүн жакшы стимул болот деген ишенимде.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Баткендеги Исфана шаарынын Голбо айылында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жумушчу ордун түзүп бере турган тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу Баткен казыятынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тигүү цехинин ачылыш аземине Лейлек районунун акими Баймурат Асатов жана Исфана шаарынын баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшеев катышты. 

"Мүмкүнчүлүгү чектелгендер мындан ары жумуш менен камсыз болуп, алардын жеке жашоосу үчүн бул жакшы стимул болот деген ишеничтебиз", — деди демөөрчү болгондор.

Маалымат кызматы цех "Инсан Лейлек" жана "Стимул" уюмунун демөөрчүлүгү менен ачылгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0