ӨКМ нөшөрлөп жааган жаандан жана шамалдан улам чукул жыйынга чогулду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатырчан адам. Архив
Кол чатырчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында катуу жааган жаандан жана шамалдан улам куткаруучулардын аракеттерин көзөмөлдөйт.

БИШКЕК, 16-июн. – Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги катуу жааган жамгырдан жана шамалдан улам чукул жыйынга чогулганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

"Токмокто ылдамдыгы секундасына 29 метрге жеткен шамал катталды. Бир нече бак-дарактын кулаган. Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандар жана кыйроолор жок", — деп министрликтен маалымдашты.

Бишкекте шамалдын ылдамдыгы секунасына 22 метрге жеткен.

Ал эми Нарын облусунда дагы нөшөрлөп жааган жаандан улам түзүлгөн кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн учурда министр Кубатбек Боронов аталган аймакта жүрөт.

Министр чукул жыйынды онлайн түрүндө өткөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0