Артыкчылыктан баш тарткан депутаттар. Үнөмдөлгөн каражат кайда?

Жазылуу
Депутаттар үнөмдөгөн каражаттын так суммасы белгисиз. Бюджет жана финансы комитети териштирүү иштерин жүргүзүүгө белсенип жатат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттар кызматтык батирден баш тартуу боюнча мыйзам долбооруна каршы пикирлерин билдиришти.

Ачкыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүм дегенге өгүздөй күчүм бар: депутаттар кызматтык үйдөн чыгууга караманча каршы
Эл өкүлү Мирлан Бакиров кызматтык унаалар менен бирден жардамчылардан баш тартуудан 60 миллион сом үнөмдөлдү делгени менен ал акчалар кайда кеткени белгисиз экенин айтып, Финансы министрлигинен маалымат алуу керек экенин белгиледи.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул маалыматты тактоо үчүн Финансы министрлигине кайрылганда мекеменин маалымат кызматы Жогорку Кеңеште кыскартуулар болгондугу тууралуу расмий түрдө документ келбегенин билдирди. 

"Депутаттар кызматтык унаадан баш тартышкандыгы тууралуу маалыматты укканбыз. Бирок кыскартуулар боюнча бизге расмий документтер келген эмес. Тагыраагы, кыскартуулар боюнча Жогорку Кеңештин токтому чыгыш керек болчу, биз ошонун негизинде иш аракеттерди жүргүзмөкпүз", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы. 

Ал эми Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу үнөмдөлгөн каражатты азыр так айтуу мүмкүн эмес экенин билдирди.

"Үнөмдөлгөн каражаттын так суммасы жыл аягында эсептелип, белгилүү болот. Азырынча так айтуу мүмкүн эмес", — деди ал. 

Бул боюнча Бюджет жана финансы комитетинин төрага орун басары Зиядин Жамалдинов аталган маселе келерки жумада комитетте карала тургандыгын айтты. 

"Кыскартылган каражаттардын суммасын биз дагы билбей турабыз. Ошондуктан келерки жумада комитеттин отурумуна ЖКнын иш башкармалыгын чакырдык. Алардан толук маалыматты угууну көздөп жатабыз", — деп билдирди Жамалдинов.

Бишкек шаарынын генералдык планынын макети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Аманкулов: курулуш тармагында көмүскө саясат күчөп жатат
Депутаттын айтымында, бардык депутаттар кызматтык унаадан баш тартышканы менен Жогорку Кеңештин гаражында 53 унаа турат. Ал мунун баары териштирилип, жообу келерки жумада белгилүү болорун кошумчалады. 

Эске салсак, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо бир катар партиялар коррупцияга бөгөт коюу, артыкчылыктардан баш тартуу жана мамлекеттик бюджетти үнөмдүү колдонуу багытында иш алып баруу боюнча убадаларын беришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0