Зеленстрой: эмендерди кыюу — кордук

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекКыйылган дарак. Архив
Кыйылган дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте өскөн эмен багынын 90 пайызга жакыны таарыгыч деп аталган зыянкеч мите куртка кабылган. Эми алардан арылуу иштеринде бир топ тоскоолдуктар жаралууда.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жалбырактарын курт жеген эмен бактары кыйылбай турганын "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шаардагы эмен бактарынын 90 пайызы зыянкеч курттардан жабыркаган.

"Бактарды кандай болгон күндө дагы кыйбайбыз. Бул шаарды маскаралагандык, туура эмес болот. Курттар чынында зыян алып келбейт, таарыгыч курттар иммунитетти төмөндөтөт", — дейт Кравер.

Кургап калган дарактын шагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги оорулуу дарактар дарыланат
Ал таарыгыч курттар менен күрөшүүдө көйгөй бар экенин белгиледи.

"Курттарга каршы дарыларды Бишкекте колдонгонго болбойт, ал эми биологиялык каражаттардын натыйжалуулугу анча жакшы болбой жатат", — деди адис.

"Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Вера Слесарева таарыгыч курт былтыр бактардын жалбырагын жеп, жерге кирип кеткенин кошумчалады.

"Кийинки жылдан баштап бактарды дарылап баштайбыз", — деди Слесарева.

Эмен багын таарыгыч курту (Profenusa pygmaea klug) тентрединиддер түркүмүнө кирет. Алар негизинен Россиянын европа бөлүгүн, Кавказ, Украина жана Батыш Европаны байырлашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0