Талас: төө буурчак быйыл азайып, эл кант кызылчасына басым кое баштады

© Sputnik / Мария Сибирякова / Медиабанкка өтүүКант кызылчасы. Архив
Кант кызылчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус аймагында 112 миң гектар айдоо жери бар экенин Кенекеев баса белгиледи.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Быйыл Талас облусуна 46 миң гектар жерге төө бурчак жана үч жылдан бери биринчи жолу 560дай гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Даир Кенекеев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал кант кызылчасы Кайыңды кант заводуна өткөрүлөрүн кошумчалады.

"Буюрса, дыйкандардын кант кызылчасы Кайыңды кант заводуна өткөрүлөт. Буга чейин кант кызылчасы эң көп 815 гектарга айдалган экен. Быйыл негизинен суу мол болгон Кара-Буура, Манас райондоруна тигилди", — деди ал.

Кенекеев Чүй облусундагы Кайыңды кант заводу менен учурда сүйлөшүүлөр болуп жатканын жана алар кабыл алуу жайларын ача турганын айтты. Таласта өстүрүлгөн кант кызылчасы Маймак аркылуу темир жол менен жеткирилерин кошумчалады. Бир гектар жерден эң азы 20 тонна, эң көп дегенде 80-90 тоннага чейин алууга болорун белгиледи.

"Бир тонна кызылчанын баасы 3450 сомдон болот", — дейт ал.

Кенекеев былтыр 53 миң гектар жерге төө буурчак тигилсе, быйыл анын аянты 7 миң гектарга азайтылган. Учурда анын бир килограммы 55-70 сомго чейин сатылууда. Күзүндө баасы 25-30 сомго чейин түшүп кеткенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0