Күнүгө 15 мүнөт көнүгүү жасоо өлүмдү 22 пайызга азайтат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКөнүгүү жасап аткан жаш балдар. Архив
Көнүгүү жасап аткан жаш балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хупин карыган адамдар дароо эле чуркап кетпестен, акырындык менен көнүп, ылдамдыкты жогорулатуу керек дейт.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Күн сайын болгону 15 мүнөт гана көнүгүү жасоо кары-картаңдар арасында эрте өлүмдү 22 пайызга кыскарта турганын окумуштуулар аныкташканын РИА Новости агенттиги EuroPRevent-2016 конгрессинде дарыгерлер билдиргенин маалымдады.

"Карыдым деп эле көнүгүү жасабай коюуга болбойт. Такай дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо дары-дармекке караганда ден-соолукка жакшы таасир берерин билебиз", — деп Сент-Этьена университетинин окумуштуусу Дэвид Хупин билдирди.

Окумуштуулар картаң адамдарга такай көнүгүү жасоо алардын ден соолугуна кандай таасир бере турганына кызыгып, көзөмөлгө алышкан. Алар 2001-жылдан тарта Франциядагы улгайып калган кишилерге, өзгөчө алардын каза болуу тарыхына кызыгышкан.

Хупин карыган адамдар дароо эле чуркап кетпестен, акырындык менен көнүп, темпин жогорулатуу керек дейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0