06:01 17 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487
Коом
Кыскача шилтеме алуу
37 0 0

Станциялардын ишин тартипке келтирүү жаатындагы бардык ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомство аралык комиссия түзүлмөй болду.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев май куюучу жана унаага газ толтуруучу станциялардын коопсуздугун текшерүүнү тапшырды. Мындай милдетти атка минер өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселеси боюнча кеңешме учурунда койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, кеңешмеде үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайда газ ташуучу унаа жарылып, беш адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы талкууланды.

Абулгазиев акыркы кездерде коопсуздук техникасы сакталбагандыктан мындай фактылар күч алганын айтып, май куюучу жана газ толтуруучу жайлар, ошондой эле көчмө унаа газ толтуруучу жабдуулар турак-жайларга жана коомдук имараттарга жакын жайгашканын белгиледи. 

"Бул биздин жарандардын коопсуздугу үчүн коркунуч жаратууда. Мындай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында аталган жайлардын ишмердүүлүгүн иретке келтирүү зарыл", — деди биринчи вице-премьер.

Абулгазиев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кыска мөөнөттө бардык стационардык жана көчмө унаага май куюучу жана унаага газ толтуруучу станциялардын техникалык коопсуздук нормаларын сакталышын текшерүүнү тапшырды.

Буга катар адамдар көп чогулчу базардагы абалга да көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. 

"Өлкөнүн базарларындагы өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө максатында техникалык коопсуздук нормалардын бузулушун ачыктоо жана алдын алуу ишин өткөрүү зарыл", – деп белгиледи атка минер.

Ошондой эле аталган станциялардын ишин тартипке келтирүү жаатындагы бардык ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомство аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынды.

Тема боюнча

Баткенде май ташуучу эки унаа күйүп, айдоочулардын бири жабыркады
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, май, газ, станция

ЭҢ МААНИЛҮҮ