Мамлекеттик спорт агенттиги 23 млн. сомдук мыйзам бузганы аныкталды

Жазылуу
Негизинен бөлүнгөн каражат максатсыз колдонулган, ошондой эле кассалык операциялар мыйзам бузуу менен жүргөн. Милиция менен прокуратура иштин чоо-жайын текшерет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги 22,8 миллион сомдук мыйзам бузууларга барганы аныкталган. Мындай жыйынтык аталган мекеменин 2014-2015-жылдары бюджеттик жана атайын каражаттарды кандай колдонгонун текшерүү үчүн жүргүзүлгөн аудит учурунда ачыкка чыкканын Эсеп палатасы билдирди.

"Борбордук аппаратка жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 11,1 миллион сомдук мыйзам бузуу аныкталган. Алар каражатты максатсыз пайдаланышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Чөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишенген кожом сен болсоң… атка минерлер пара менен кармалганда
Эсеп палатасынын маалыматына ылайык, 500 миң сом кайтарууга жатат, учурда анын 7,5 миңи бюджетке кайтарылган. Максатсыз пайдаланылган каражаттын көлөмү 30,4 миллион сомду түзгөн.

Андан сырткары "Спорт курулуштары жана камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын текшере келгенде 11,7 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Учурда анын алты миллион сому кайтарылган.

Бул фактылар боюнча материалдар милиция менен прокуратурага жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0