ШИИБ: бир апта ичинде Бишкек сойкулардан тазаланат

© flickr.com / HaifeezТуфли кийген кыз. Архив
Туфли кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түңкү көпөлөктөрдү тазалоо Правда-Кулатов, Правда-Фрунзе көчөлөрүнөн башталат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бир апта ичинде Бишкек сойкулардан тазаланат. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Бишкек ШИИБдин жетекчисинин милдетин аткаруучу Самат Курманкулов билдирди.

Анын айтымында, жакында эле аталган маселе жыйында талкууланган. 

"Мен бир апта ичинде Бишкекти сойкулардан тазалоо боюнча буйрук бердим", — деди Курманкулов. 

Ал шаарды сойкулардан тазалоо Правада-Кулатов, Правда-Фрунзе көчөлөрүнөн баштала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0