Бүгүн Бишкекте "Библиокербен" акциясы башталат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКитепкана. Архив
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарых жана маданият жылынын алкагында өтө турган иш-чара 14-июнь күнү саат 10.00дөн 12.00гө чейин №25 китепканада өткөрүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Ак-Бата" жаңы конушунда "Библиокербен" акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тарых жана маданият жылынын алкагында өтө турган иш-чара 14-июнь күнү саат 10.00дөн 12.00гө чейин №25 китепканада өткөрүлөт. 

"Акциянын негизги максаты окурмандардын китепке болгон кызыгуусун күчөтүү болуп эсептелет", — деп айтылат маалыматта. 

"Библиокербен" Борборлоштурулган китепкана системасы, Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунун астында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0