Сууга чөккөн баланы издөөгө ӨКМ Россиянын аскер базасынан жардам сурады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСуучул издөө иштери учурунда. Архив
Суучул издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түп дарыясына чөгүп кеткен бала беш күндөн бери изделип жатат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Россиянын Ысык-Көл облусундагы аскер деңиз флотунан Түп дарыясына чөгүп кеткен 12 жаштагы баланы издөөгө жардам сурады. 

Көлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июндун башынан бери Кыргызстанда 6 киши сууга чөгүп кеткен
ӨКМдин берген маалыматына караганда 9-июнда саат 17.00 чамасында өспүрүм бала сууга чөгүп кеткен. Кырсык тууралуу баланын ата-энеси үч саат өткөндөн кийин билишкен. Алгач өздөрү издеп майнап чыкпагандан кийин ӨКМге кайрылышкан. Издөө иштери бүгүнкү күнгө чейин жүрүүдө.

ӨКМдин маалымат кызматы Россиянын базасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгилейт.

Буга чейин маалымат каражаттарында баланын ата-энеси Каракол — Бишкек жолун тосуп унаа тыгыны жаралгандыгы тууралуу кабар тараган. Бирок ИИМ мындай маалыматты четке какты.

Жаңылыктар түрмөгү
0