Токтогул суу сактагычына суу 11,5 эсеге көп агып кирүүдө

Жазылуу
Суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 898 миллион кубометрге жетти.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Токтогул суу сактагычында суунун кирүүсү анын агып чыгуусуна караганда 11,5 эсеге көп болууда. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасы билдирди. 

Учурда суу сактагычта суунун көлөмү 11 миллиард 898 миллион кубометрге жетти. 

"13-июнь күнү Токтогул суу сактагычына секундуна 1 784 кубометр суу кирип жатса, 154 кубометр суу агып чыгууда", — деп айтылат маалыматта. 

Ишкана бул рекорддук көрүнүш эмес экенин айтып, буга чейин суунун кирүүсү көп болгон учурлар кездешкенин кошумчалайт. 

Эскерте кетсек, былтыр ушул убакта суунун кирүүсү 1 170 кубометрди түзүп, анын көлөмү 8,9 миллиард кубометрге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0