Азиздер жана дүлөйлөр үчүн курулган үйлөрдүн бөлүнүшүн атайын топ иликтейт

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун маалыматы боюнча 2008-жылдан бери мамлекет 225 батир берген, анын 10-15ине ден соолугу чың адамдар ээлик кылып калган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси саламаттыгы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга батирлерди кандайча бөлүштүргөнүн атайын топ иликтейт. Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешов маалымат жыйында билдирди.

Буга чейин аталган коомдун мүчөлөрү анын жетекчиси Калык Мамбетакуновду жоопкерчиликке тартуу талабы менен бир нече ирет нааразылык акциясын уюштурушкан. Ал берилген батирлерди өзүнүн туугандарына, башка жетекчилерге жана саламаттыгы чың адамдарга бөлүп берген деп күнөөлөнгөн.

"Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы маселе чечилерин айткан. Бирок жыйынтык жок. 9-июнь күнү эки тараптын өкүлдөрүнөн жумушчу топ түзүлүп, батирлердин туура эмес бөлүштүрүлүшүн текшерет", — деди депутат.

Бекешов 2008-жылдан бери мамлекет 225 батир берген, анын 10-15ине ден соолугу чың адамдар ээлик кылып калганын белгиледи. 

"Токмоктогу ишканалардын биринин жетекчиси батирди башка бирөөлөргө жаздырып, ал жерде жети жылдай анын балдары жашаган. Ал киши балдары жашаганын танбайт. Анткен менен үй мыйзамдуу түрдө алынганын айтып жатат. Менимче иликтөө амалдары баарын ордуна коюп, мыйзам бузууларды аныктайт", — деди ал. 

Мындан сырткары, эл өкүлү ар кыл провокацияларга барбоого чакырды.

"Мавлян Аскарбековго окшогон активисттер өзүн пиарлоо үчүн митингдерди өткөрүшүүдө. Аталган маселеге алардын кымындай да тиешеси жок. Андыктан аларды баш аламандык уюштурбоого чакырат элем. Маселе мыйзам негизинде гана чечилет", — деди Бекешов. 

Белгилей кетсек, азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси Калык Мамбетакунов өзүнө коюлган күнөөлөрдү жөнсүз деп атап, жакындарына батир алып бербегенин билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0