БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Кумтɵр Голд Компани" (КГК) ишканасынын жетекчилерине соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.
"КГК компаниясы алты жылдан бери Эмгек кодексинин талаптарын аткарбай келет. Анткени 2010-жылы аталган компаниянын кызматкери иш учурунда майып болуп калгандыгы тууралуу сотко доо жазып, утуп алган. Аталган чечим Жогорку сотто каралып, күчүндө калтырылган", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, КГК ишканасынын жетекчиси Дэниэл Дежарденге карата да кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы алты жыл ичинде 60 сот отуруму болгонун кошумчалайт.