Газ ташуучу унаадан чыккан өрттөн күйүк алган бешинчи жаран каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековГаз ташуучу унаа жарылган жердеги өрт өчүрүү кызматы. Архив
Газ ташуучу унаа жарылган жердеги өрт өчүрүү кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жабырлануучулардын төртөөсү каза болгон. Дагы бирөөсүнүн абалы оор.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Газ ташуучу унаанын жарылышынан жаракат алгандардын бешинчиси каза болгонун Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, жабыркаган жаран ишемби күнү каза болгон. Буга чейин өрттөн денеси күйүп калган төртүнчү жаран каза болгон. Дагы бирөөсүнүн абалы оор. 

Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери кан тапшыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Унаанын жарылышынан жабыркагандар үчүн милиционерлер 20 литр кан тапшырышты
Эскерте кетсек, 6-июнь күнү газ ташуучу унаа жарылып, андан 10 киши жабыркаган. Күйүп калгандардын алтоо оор абалда №4 оорукананын реанимациясына жаткырылган.

Күйүп калгандарга дары-дармектер керектигин Саламаттык сактоо министрлиги маалымдап, кишилерди кан берүүгө да чакырган.

Буга чейин медициналык кароодон өткөн милиция кызматкерлери 20 литрден ашык кан тапшырган.

Ошондой эле өлкө башчысы жана өкмөт дары-дармек алууга акчалай жардам берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0