БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Борбордогу №2 мончо техникалык коопсуздукка жооп бербегендиктен жабылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда мончо курулгандан бери ремонттолгон эмес.
"Аталган комплекс 1958-жылы ишке кирген. Ошондон бери капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн жок. Имараттын 35 пайызы жараксыз болуп калган", — деп айтылат маалыматта.
Мончонун имараты жер титирөөгө туруксуз келери белгиленген.