Бүгүнтөн тарта Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек аба каттамы ачылат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортундагы учак. Архив
Манас аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байланыш British Aerospace-140-200 учагы аркылуу жүргүзүлүп, ал жумасына эки жолу учат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Бишкек — Жалал-Абад аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эл аралык "Манас" аэропортунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жергиликтүү авиакомпаниялардын бирине таандык British Aerospace-140-200 учагы жумасына эки күн — дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү каттайт. 

"Бүгүн, 13-июнь күнү саат 11:30 буюрса биринчи каттам учат. Билет баасы 2500 сомдон 3500 сомго чейин болот", — деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, аталган каттам буга чейин бир канча ирет ишке кирип, кайра ар кандай себептер менен токтотулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0