ЖКда Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эски үйлөрдү түрттүрүү демилгеленди

Жазылуу
Мыйзам долбооруна ылайык эски имараттардын ордуна заманбап үйлөр курулат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски имараттарды түрттүрүп, ордуна заманбап үлгүдөгү үйлөрдү куруу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгенин максаты – Кыргызстандын борбор калаасын заманбап көрүнүшкө келтирүү.

"Бишкек – өзгөчө мааниси бар администрациялык-аймактык бирдикти түзгөн, 944,3 миң туруктуу жашаган калкы бар республикалык маанидеги өлкөнүн эң ири шаары. Муну менен катар, калктын дээрлик үчтөн бир бөлүгү топурактан жасалган, эскилиги жеткен үйлөрдө жашайт, айрым үйлөр 1930-жылы курулган. Алар борбор шаарыбыздын борбордук бөлүгүндө кездешкени адаттагы эле көрүнүш болуп калган", — деп айтылат маалыматтык негиздемеде.

Квартиралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдар үйүндө тарбиялангандар жеңилдетилген түрдө турак-жай алат
Мыйзам долбоору Карпинский, Линейный көчөлөрү, Жибек Жолу проспектиси жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймакты Бишкек шаарынын тарыхый борбору катары аныктап, аталган аймактагы эскилиги жеткен имараттарды алып таштоо, бузуу жолу менен Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө багыттылган.

Демилгечи депутаттардын белгилешинче 1996-жылга чейин курулган үйлөр түрттүрүлөт.

Мыйзам долбооруна ылайык, кыймылсыз мүлк объектилерин алып коюу демилгеси Бишкек шаарынын мэриясына жана шаардык кеңешке таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0