Депутат Садык Шер-Нияздын айылга каты. Өкүнткөн Дубан агай менен кайран эжекелер

Жазылуу
Бул сапар режиссер, депутат Садык Шер-Нияз айылга кат жазды. Элеттин тамырын жайган чоң дүйнө экендигин айтты. Ал тургай ааламга аттанган уул-кыздары үчүн жоопкерчиликтүү учурларда ар тараптан абийирдин, намыстын таразасы болуп берет деген оюн билдирди. Агайларын, сыр жашырбаган айылдагы апаларды эстеди.

Биздин каарман Талас облусунун Манас районуна караштуу мурдагы Пушкин, азыркы Чоң-Капка айлында жарык дүйнөгө келген.

Бул рубрика мага кадимки эле катты эске салды. Азыр коомдо технологиянын өнүгүшү, интернеттин биздин күнүмдүк жашообузга тереңдеп кириши менен каттын, кат жазуунун ыйык сезими, ыйык мааниси жоголуп кетти окшойт. Ошентип бүгүнкү күндө кат жазууну ойлонбой деле калыптырбыз. Муну жоготуу десек да болот. Илгери катка болгон сагынычыңды, балалык баёо сезимдерде козголгон үмүт-тилектерди, кыялдарды жазчу элек. 

© Фото / Айтыш фильмРежиссер, депутат Садык Шер-Нияз
Депутат ЖК 6 созыва от фракции Ата Мекен Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Режиссер, депутат Садык Шер-Нияз

Азыр кат, айыл десе, ошол кыялдардын орундалышына себепкер болгон, тарбиялап өстүрүп, туура жолго баштаган абалар, аталар, мугалимдер, коңшулар, чогуу өскөн достор кайрадан эске түштү. 

Айыл деген чоң дүйнө, жайылган тамыр. Адам бир нерсени жасап жатканда, же бир жоопкерчиликтүү учурду сезгенде биринчи кезекте айылды эстейт болуш керек. Айыл-ападагылар бул иштериме эмне дейт деген ой кетет. Айыл инсандын ой жүгүртүүсүнө жана кыла турган жакшы иштерине өбөлгө түзө турган философиялык, психологиялык жактан бизди курчап турган чоң аура. Сезе билгендерге мунун ичинде абдан чоң нерсе жатат. 

Айылдан киши келиптир. Досторум менен отуруп канчалык маанилүү болбосун бир иштерди талкуулап жатканда "Айылдан киши келиптир" десе дароо токтойт. Пландалган иштер кийинкиге жылыш керектигин айттырбай түшүнөбүз. Ушул үч сөз баарынан маанилүү, баарынан кымбат жана жоопкерчиликтүү.

Кыргызстандагы бир топ ири жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп келген Султан Жумагулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азыркы скайп менен бир барак каттын касиетин салыштырган Султан Жумагуловдун айылга каты
Апамдар менен "абысын" болгондо. Бала кезде апам, анын теңтуштары менен бир бригадада чогуу жүрүп, тамеки тизип калдым. Кандай себептер менен алардын тобуна кошулуп калганымды азыр деле эстей албайм. Тамеки тизип отурганда Тургун апабыз, Базаркүл апабыз ("Базаркүл жеңе" деп койчубуз) баш болуп бардык сырларын, көйгөйлөрүн айтышар эле, бири-бири менен бөлүшүп. Ошентип отуруп, алар менен камыр-жумур болуп, сөздөрүнө да кошулуп калдым. Менин көзүмчө деле апалар адатта аялдар өз ара сүйлөшө турган темаларды болгон-бүткөнүн майда-чүйдөсүнө чейин кеп кылыша турган. Алардын арасында кибирейип, тамеки тизип отура берчүмүн. Азыр ошол кездер мага эң кымбат, баасы жеткис учурлар. Эстегенде бир жылмайып алам. Бүгүн алар 70-80дерге таяп калды. Азыр мени көргөндө алар бир жылуулук менен, мээрим менен абдан жакшы учурашат. Кыязы, ошол жаштык учурлары эске түшөт окшобойбу. Мен бул кат аркылуу ошол апаларга салам айтып, ден соолук, күүлүү-күчтүү жүрүшүн каалаарымды билдирем. 

Желим бөтөлкөлөр. Анан да мага учурда биз кеңири колдонуп келген желим бөтөлкөлөр эмнегедир балалыгымды эстетет. Азыр Кока-Кола же дагы башка суусундуктар куюлган пластикалык бөтөлкө бошоп калгандан кийин ыргытканга кыйбайм. Эмнегедир эле керектүүдөй, кымбат буюмдай сезиле берет. Бала кезде тамеки чапканда жарманы шампандын же башка дагы айнек бөтөлкөлөргө куюп, анын оозун гезит же дагы башкалар менен бурап тыгындачубуз. Анысы ачылып-чачылып, төгүлүп, кийимдерибиз жарма жыттанып, булганган учурлар жадымда. Атаңгөрү, ошол учурларда ыңгайлуу ушул буюмдар болгондо эмне деп коём. Бул да балалыктын издери экен да… 

Атактуу төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төкмө акын Жеңишбек айылга кат жолдоп, жон-кырда кеп салган жомоктуу чалдарды жоктоду
Бозала чаң болгон беттер, жан алакетке түшкөн биз, чыпылдаган чыбык. Тестиер болуп калган мезгилдер. Сугат маалында апалар бир саатка түштөнүүгө кеткенде, биз тамакка да кайыл болуп, оюнга кирер элек. Арыктагы суудан кетмен менен бири-бирибизге чачып ойнойбуз. Муну менен жөн калабызбы, шайтандай болуп оюнга алаксып андан ары кетебиз. Сугатыбыз унутта калат, байланган кулактын нугу бузулуп, суу талаалап башка жакка кетет, аны менен ишибиз жок. Биякта, оюн калып жатпайбы. Түштөн кийин бригадир келип… кыйкырып-өкүрүп кубалап жиберет. Же түшкү тамак учурунда көлгө түшөбүз деп жөнөйбүз. Киров суу сактагычын кургандан кийин карьерлер калып, ага Таластын суусу чыга берип, көлгө айланган. Жайдын күнү тим эле керемет болуп жылып калат, жыргап бир чөмүлөбүз. Бир саатта кайтып барыш кайдан… "Мына, ана" деп жатып, күн батканда эсиңе келесиң. Беттерибизди чампалап жууп, кебетебизди оңдомуш болуп үйгө жөнөйбүз. Апаларыбыз күтүп турат, бир катарларынын чыпылдаган чыбыктары даяр. Биздин көздөр кыпкызыл, беттер чопо менен чаңдан улам бопбоз… Анан да жандалбастап "көлгө барган жокмун" дейбиз, кебетебиз айтып турганы менен кабарыбыз жок да… Бул кездер айылды эстегендеги балалыгымдын унутулгус учурларынын бири.

"Курманжан Датканы" көрбөй калган агайым. Балалыкты, айылды эстегенде албетте, мектеп, мугалимдерим алардан бөлүп карай албай турган бир өңүтү. Бул катты жазып жатканда, ошол кезде Пушкин атындагы орто мектептин директору Дубан Жунусов агайымдын элеси көз алдыга тартылды. Баамдасам, ал кызматында азыркы менин курагымдагы учурунда иштеген окшойт… Анда 4-класста окуйт элем, "Манас" айтчумун. Мектептеги иш-чаралардын биринде, себебин эстей албайм, "Манас" айтпайм деп кежирленип чыктым. Баары чогулса да, мен барбай койдум. Биз окуган класстык бөлмөлөр четкерээк болгондуктан, "Камчатка" деп коюшар эле. Агайым класска келиптир. "Садык, сен даярданып жүрөсүң да, айт эми" деди. Мен "айтпайм" деп бурк эттим. Линейка боло турган залга жөнөдүк. Арыктарды аттап-буттап кетип бара жатабыз, жолдо катар агай мени көндүрүп барды. Көшөрүп болбой койдум. Анан акыры, мейлиң, анда каалабасаң деп тим койду күчтөбөй. Азыр ойлоп көрсөм, ал адамдын бийиктиги экен. 4-класстагы окуучуга 10 мүнөттөй убактысын коротуп, жылуу-жумшак мамиле менен суранып, өтүнүп… 10 жаштагы баланын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип, анын деңгээлине түшүп сүйлөшүп, кежирленсе да окуучунун айткандарын угуптур. Бул педагогдун чеберчилиги, мугалимдик кесибине берилгендигинин туу чокусу деп баа берем азыр.

Дубан агайды көп эстейм. Ал "сенден чыгармачыл киши, жазуучу чыгат, чыгармачылыгыңды таштабашың керек" деп көп айтчу. А мен чыгармачылыкка кеч кириштим да, анда агайым өтүп кеткен. Бизнес менен алектенип, кийин саясатка аралашып — Акыйкатчынын орун басары болуп жүргөндө айылга барып калып агайымды көргөндө өзүмдү күнөөлүү сезе берчүмүн. Көрсө, ал адам мага абдан жакын болуптур да… Азыр анын "Курманжан Датканы" көрбөй калгандыгына кейийм. "Мен тарткан кинону көрсө жакшы болмок" деген ой келе берет… 

© Фото / из личного архива Садыка Шер-НиязаСадык Шер-Нияз окучуу кезинде
Депутат ЖК 6 созыва от фракции Ата Мекен Садык Шер-Нияз  - Sputnik Кыргызстан
Садык Шер-Нияз окучуу кезинде

Кайран эжекелерим… Мугалимдер демекчи, биз төртүнчүнү окуп жатканда Саадакан, Күлүйпа, Сагын деген жаш, жаркылдаган эжекелер мугалим болуп келди. Алардын ичинен Сагын эже бизге класс жетекчи болуп, калгандары берки төртүнчүлөрдү алды. 3-4 жыл аралыгында ошол эжекелер ишке, балдарга, мектепке болгон күч-кубатын, өмүрүн берип, сабактан да, коомдук, уюштуруучулук жагынан да жалындап эмгектеништи. Алар өз ара атаандашкандай маанайда жанын сабап иштегени бизге, балдарга да өттү окшойт. Биз да сезгендей, теңтайлаша, жарышып окудук. Бизден башка канча балдарды тарбиялашты. Ошентип жүрүп, алар өздөрүнүн жеке турмушунда жай ала албай калышты. Айылда артынан элдин ээрчиген сөзүнөн айбыгып, ойдогудай түгөйлөрүн таппай, бирок, ылайыктуу болбосо да күйөөгө чыгууга мажбур болушту. Кайран эжекелерим, ошондо кыйналды го деп ойлойм… Ошол жаркылдаган эжекелеримди эстегенде менин балалык сезимдерим козголо түшөт. Элдин сөзү деп сонун адамдар курмандыкка чалынып кеткендей сезиле берет. Тагдырларды эстейм, балдарга берген өмүрүн эстейм. Сиздерге да таазим этем, менин эжекелерим.

Кыргыз эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан
Жамал Сейдакматованын "Айылына каты". Тергеген байбичеге күлгөн чак, таңдайда калган кымыз
Эмнеге армандаганыбызды түшүнбөй… 1988-жылы армияга чакырылдым. Биздин айылдан райборбор — Покровкага чубаган жүк ташыган машиналар. Баарынын үстүндө армияга аттангандарды узаткандар — иниси, туугандары, классташтары, айтор, баш-аягы 30дай киши түшүп алган. Туптуура 17 машине бара жатат. Кулак салсаң, баары Чубак Сатаевдин ырын "Арман, арман, арман ай" деп созуп бара жатат. Ой, бир кызык. Алардын арасында биз да ырдап келе жатабыз. Эмнени армандадык билбейм да…

Жакында мен сезген керемет ирмемдер болду. Айылда атабыздын эски тамын бузуп, үч бир тууган – Болот байкем, мен жана Баткен иним болуп чакан үйдөн салып алганбыз. Короонун ортосуна боз үй тигилип турат. Өткөндө айылга барганбыз. Мөндүр жаап калды. Мындай учурда таалаанын да, башканын да иши токтойт эмеспи. Төрт сааттай эч ким эч жакка шашпай кужулдашып, сүйлөшүп отурдук. Ошондо бир кереметти байкадым. Туугандар менен баарлашып отурабыз, самоордо чай кайнап, кемегеде казан асылып, бейпил бир сонун ирмемдер. Анан баягы бала кезди эске салып, ким кандай окуяга туш болгонун күлкү аралаш эстеп отурдук. Бул айылдын духу. Бул чоң бакыт.

Жаңылыктар түрмөгү
0