Элчи Жусупбек Шарипов Алайкууга гуманитардык жардам көрсөттү

© Sputnik / Джон Траст / Медиабанкка өтүүКап ун. Архив
Кап ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардам орозо айында айыл элинин ооз ачтыруу иретинде уюштурулган.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Жусупбек Шариповдун демилгеси менен Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылындагы 30 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу муфтият кабарлады.

Аталган жардамды райондун башкы имам хатиби Анарбек ажы Жусупов тапшырып, мындай колдоолор дагы улана турганын белгиледи. 

Жардам орозо айында айыл элинин ооз ачтыруу иретинде уюштурулуп, жалпысы бир кап ун, кумшекер, май, күрүч, кесме, чай жана башка азык-түлүктөрдөн турган тамак-аш таратылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0