Атамбаев, Бакиев, Бабанов жөнүндө чет элдиктер эмне дешти

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан өлкөгө тиешеси жок адамдар белгилүү кыргызстандыктардын сүрөттөрүн көргөндөгү чыныгы сезимдерин билди.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Адамды сүрөтүнөн карап кайсы кызматта иштерин, деги эле эмне менен алектене турганын билүү кыйын. Социологдордун пикиринде социалдык тармактардагы сүрөттөрдүн 70 пайызы андагы адамдар жөнүндө жаңылыш ой калтырат.

Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы республикадагы белгилүү инсандардын сүрөттөрүн: "Кандай дейсиңер, сүрөттө тартылган ким жана эмне менен алектенет?" деген суроо менен ар кайсы жакка жөнөтүп жиберген.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев КР президенти Алмазбек Атамбаев РФ өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев менен Ала-Арча капчыгайында сейилдөө учурунда
Официальный визит премьер-министра РФ Д. Медведева в КР - Sputnik Кыргызстан
КР президенти Алмазбек Атамбаев РФ өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев менен Ала-Арча капчыгайында сейилдөө учурунда
  • Сүрөтчүлөр же туристтер окшойт. Алардын көңүлү шай. Жейкоб Мэнсон, 25 жашта, АКШ, Лос-Анджелес.
  • Менимче, бул сүрөттө фотограф досу менен. Фотограф – спорт кийимчени, тиги фотоаппарат кармаган досу, кыязы, сүрөткө тартканды үйрөнүп жатат. Жексон Кристофер, 30 жашта, Бельгия, Динан
  • Табиятта сейилдеп жүрүшөт, кайсы бир жылдыздар болуш керек. Жөнөкөй адам костюм кийип алып тоого барбайт. Оливия Мэдиссон, 22 жаша Австралия, Манджера
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэри албек Ибраимов быйылкы мотосезондун ачылышында
Открытие мотосезона-2016 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэри албек Ибраимов быйылкы мотосезондун ачылышында
  • Квадрациклист болсо керек. Жейкоб Мэнсон, 25 жашта, АКШ, Лос-Анджелес
  • Кайсы бир кыймылдын активисти. Жексон Кристофер, 30 жашта, Бельгия, Динан 
  • Квадроциклчен карыя. Укмуш. Мен да ушундай карылыкты каалар элем. Оливия Мэдиссон, 22 жашта, Австралия, Манджера
© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүМурунку президент Курманбек Бакиевдин тарапташтары Жалал-Абаддагы митингде
Митинг сторонников экс-президента Кыргызстана Курманбека Бакиева в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тарапташтары Жалал-Абаддагы митингде
  • Массалык флешмоб, же дене тарбиялык машыгуу. Жейкоб Мэнсон, 25 жашта, США, Лос-Анджелес
  • Топтошкон кишилер, жүздөрүндө нааразылык байкалат. Мүмкүн, добуш берүү жүрүп жаткандыр. Жексон Кристофер, 30 жашта, Бельгия, Динан
  • Бул кандайдыр бир кече. Оливия Мэдиссон, 22 жашта, Австралия, Манджера
© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев
Экс-президент Кыргызстана Курманбек Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев
  • Бул кайсы бир айыл ырчысы болуш керек. Жейкоб Мэнсон, 25 жашта, АКШ, Лос-Анджелес
  • Эмне килемге туруп алган? Алладиндин азыркы версиясыбы?.. Жексон Кристофер, 30 жашта, Бельгия, Динан
  • Аны абай кунт коюп угуп жатышат. Маанилүү бир нерсе айтып жатат окшойт. Оливия Мэдиссон, 22 жашта, Австралия, Манджера
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз эстрада жылдызы Мирбек Атабеков
Интервью с популярным певцом Мирбеком Атабековым - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эстрада жылдызы Мирбек Атабеков
  • Жүзүндө аябай нааразылык көрүнүп турат. Андан жагымсыз бир нерсе сурашкандай. Жейкоб Мэнсон, 25 жашта, АКШ, Лос-Анджелес
  • Азиялык арыкчырай жигит. Ким болушу мүмкүн экенин билбейм. Балким жумушчудур? Жексон Кристофер, 30 жашта, Бельгия, Динан
  • Татаал математикалык эсеп чыгарып жаткандай, менимче, бул окумуштуу. Оливия Мэдиссон, 22 жашта, Австралия, Манджера
© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин мурунку жетекчиси Мелис Турганбаев
Министр ВД КР Мелис Турганбаев  - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин мурунку жетекчиси Мелис Турганбаев
  • Кандай бактылуу киши, жөн эле жүзү жанып турат. Концертте отурат окшойт. Жейкоб Мэнсон, 25 жашта, АКШ, Лос-Анджелес
  • Комикке окшош экен, мыскыл-тамашага тиешеси бар экени көрүнүп эле турат. Сырткы келбети ошого көнүп калган. Жексон Кристофер, 30 жашта, Бельгия, Динан
  • Мүмкүн, актер же ырчыдыр… Оливия Мэдиссон, 22 жашта, Австралия, Манджера
© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүЖК депутаты Өмүрбек Бабанов
Премьер-министр Киргизской Республики Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Өмүрбек Бабанов
  • Аябай жагымдуу киши экен. Мындайлар адатта өзүн өзү өрчүтүү боюнча тренингдерди алып барат. Жейкоб Мэнсон, 25 жашта, АКШ, Лос-Анджелес
  • Жазуучуга окшош экен. Жексон Кристофер, 30 жашта, Бельгия, Динан
  • Коучер же бизнес тренер. Оливия Мэдиссон, 22 жашта, Австралия, Манджера 
© Фото / пресс-служба ЖК КРЖКнын мурунку депутаты Жылдызкан Жолдошева
Депутат Жогорку Кенеш от партии Ата-Журт Джолдошева Жылдызкан Айтибаевна - фракция «Ата-Журт» - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын мурунку депутаты Жылдызкан Жолдошева
  • Актриса, кинодо ойнойт деп ойлойм. Жейкоб Мэнсон, 25 жашта, АКШ, Лос-Анджелес
  • Бир топ жашка барып калганына карабай, сулуу аял экен. Чыгармачыл адам болуш керек, же актриса, же ырчы го. Жексон Кристофер, 30 жашта, Бельгия, Динан
  • Үйдө отурган аял деп ойлойм. Оливия Мэдиссон, 22 жашта, Австралия, Манджера 
© фото предоставлено Эльвирой СурабалдиевойЖК депутаты Элвира Сурабалдиева
Письмо себе в прошлое: депутат и предприниматель Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Элвира Сурабалдиева
  • Сулуу аял экен, модель же актриса болсо керек. Жейкоб Мэнсон, 25 жащьа, АКШ, Лос-Анджелес
  • Аябай татынакай экен, менимче, бул актриса. Жексон Кристофер, 30 жашта, Бельгия, Динан
  • Жүзү жарык, жылмайыңкы, менимче, бул ырчы аял. Оливия Мэдиссон, 22 жашта, Австралия, Манджера.
Жаңылыктар түрмөгү
0