Июнь коогалаңы боюнча 5600дөн ашуун кылмыш иши козголгон

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш коогалаңы. Архив
Ош коогалаңы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 3 миң 900 кылмыш иши убактылуу токтотулган. Козголгон кылмыш иштердин көпчүлүк бөлүгүн уурулук боюнча фактылар түзгөн.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Учурда ведомстволор аралык тергөө топтору тарабынан 2010-жылкы июнь коогалаңы боюнча ачылган кылмыш иштердин бетин ачуу боюнча иликтөө иштери уланууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 

2010-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын түштүгү Ош жана Жалал-Абал облустарынын аймактарында "Июнь окуясы" деп аталган улуттар аралык чыр чыккан. Аталган аймакта, анын ичинде Ош шаарында болгон окуя 442 адамдын өмүрүн алган.

Рейд спецназа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк титиреткен төрт күн. Июнь окуясын чагылдырган сүрөттөр
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда укук коргоо органдары тарабынан июнь окуясы боюнча жалпы 5 миң 646 кылмыш иши козголгон. 

Тергөө иштеринин жыйынтыктарынан улам 532 жаранга карата козголгон 336 кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Алардын 488и соттун чечими менен ар кандай жазаларга тартылган. 

Ал эми 3 миң 900 кылмыш иши убактылуу токтотулган. Козголгон кылмыш иштердин көпчүлүк бөлүгүн уурулук боюнча фактылар түзгөн. 

Ал эми жоготулган курал-жарактардын ичинен 195 ок атуучу курал, 25 миң 330 ок-дары, 30га жакын аскердик шаймандар табылган. 

Учурда июнь коогалаңы боюнча ачылган кылмыш иштерин тергөө уланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0