Турсезонго карата Челябинск — Бишкек аба каттамы ачылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет заходит на посадку. Архивное фото
Самолет заходит на посадку. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан тарап аталган каттамдын арты менен айыл-чарба, туризм жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-июнь күнү Челябинск — Бишкек аба каттамы расмий ачылды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. 

Аба каттамын ачуу салтанатына экономика министринин орун басары Алмаз Сазбеков, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкуловдор катышты. 

Учурда бул аба каттамы Түштүк Урал менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш түзгөн жалгыз жол болуп саналат. 

"Эки тарап ортосунда байланыштын түзүлүүсү жакшы жөрөлгө. Анын арты менен бизнес мамилелерге жакшы шарттар түзүлөт. Биз Челябинск облусу менен айыл-чарба, туризм жаатында кызматташууга кызыкдарбыз", — деди Сазбеков.

Аталган аба каттамы буга чейин сүйлөшүлгөн макулдашуулардын арты менен ишке ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0