Унаанын жарылышынан жабыркагандар үчүн милиционерлер 20 литр кан тапшырышты

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаКайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери кан тапшыруу учурунда
Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери кан тапшыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-июнь күнү газ ташуучу унаа жарылыпандан 11 киши жабыркаган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери 6-июнда Фучик көчөсүнө жакын жайгашкан жолдон жарылган газ ташуучу унаадан каза болгондорду эскерди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.

Эскерте кетсек, 6-июнь күнү газ ташуучу унаа жарылып, андан 11 киши жабыркаган. Күйүп калгандардын алтоо оор абалда №4 оорукананын реанимациясына жаткырылган. Кийин алардын үчөө каза болгон

Медициналык кароодон өткөн милиция кызматкерлери 20 литрден ашык кан тапшырышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0