Ибраимов: Бишкектин 400 гектар муниципалдык жери сотто каралып жатат

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2010-жылдан тарта сейил бактардагы жерлерге курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Соттук процесстерде 403 гектар муниципалдык жердин тагдыры каралып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэри Албек Ибраимов 100 күндүк ишмердүүлүгү боюнча өткөрүп жаткан маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымына караганда бүгүнкү күнү бир катар соттук иштер жүрүп жатат. Айрымдары 8-10 жылдан бери созулуп келет. 

Ибраимов 2010-жылдан тарта сейил бактардын чектери белгиленип, ал аймакка курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганын белгиледи. 

"Учурда сейил бактардын аймагына курулуш курулбайт деп так айта алам", — деп билдирди мэр. 

Муну менен бирге мэр Бишкектин чек арасын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошмчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0