Айрым жаңы конуштарды Бишкектин балансына берүү маселеси талкууланды

Жазылуу
Бишкек шаарынын жаңы административдик чек арасын бекитүү керектигин калаанын вице-мэр билдирди.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев жаңы конуштар маселеси боюнча жыйын өткөрүп, анда айрым конуштарды Чүй облусунун балансынан Бишкекке өткөрүү талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Борбор калаанын вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев айрым конуштар Бишкектин балансына берилсе, чек араларды так аныктап алуу маселеси чечилерин маалымдады.

"Бишкек шаарынын жаңы административдик чек арасын бекитүү маселесин кароо керек. Маселе чечилгенде Бишкек шаары менен Чүй облусунун чек арасына байланыштуу талаштуу маселелерге чекит коюлмак", — деди Дүйшөмбиев.

Биринчи вице-премьер Абулгазиев борбор калаанын чек арасын аныктоо маанилүү экенин жана анын жакын арада бекитилиши керектигин баса белгиледи.

"Жаңы конуштардын кайсыл администрацияга карай турганы так аныкталгандан кийин ал жакта жашаган калктын инфраструктуралык жана социалдык маселелерин чечүү жеңил болмок", — дейт Абулгазиев.

Ал ошондой эле конуштардагы коммуникациялык системаларды жакшыртууга жана айрым жерлерди трансформациялоо боюнча маселелерге көңүл бурууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0