Профком: "Кумтөрдөгү" абалга байланыштуу 20 миң адам каршылык көрсөтүүгө даяр

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр. Архив
Кумтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кумтөр" алтын кенинин ишмердүүлүгү 1-июлда токтоп калуусу ыктымал. Бул соттук териштирүүлөр менен кабыл алына элек планга байланыштуу экени айтылат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. "Кумтөр" ишканасынын кызматкерлери менен алардын үй-бүлөлөрү жумуш токтоп кала турган болсо жапырт акцияга чыгышат. Бул тууралуу Кыргызстандын тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Ак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Centerra Gold Inc. компаниясынын сотко берүү боюнча билдирмесине жооп берди
Анын айтымына караганда алтын кендин ишкерлери бийлик башчылары менен мамлекеттик профилдик органдарга кайрылуу жөнөтүшкөн. 

Анда "Кумтөрдүн" экинчи жарым жылдык иш планы азыркыга чейин бекитилбегени айтылат. Ушул күнгө чейин экологиялык экспертиза менен уруксат кагаздын жоктугу, көптөгөн соттук териштирүүлөр, кылмыш иштерин иликтөө сыяктуу бир катар жагдайлардан улам "Кумтөрдүн" иши 1-июлдан тарта токтоп калуусу ыктымал экенин билдиришкен. 

"Кумтөрдүн" профсоюздук комитетинин жетекчисинин орун басары Калысбек Рыспаевдин айтымында, ишкерлер каршылык акциясына массалык түрдө чыгууга даяр экендиктерин билдиришкен. 

"Каршылык пикирлерин кызматкерлер гана эмес, алардын үй-бүлөлөрү дагы билдирүүгө даяр. Бул элдин чоң топтомун түзөт", — деп Рыспаев билдиргенин Тажибаев айтып берди. 

Профсоюздук комитеттин жетекчиси Авазбек Кожокматовдун айтымында, "Кумтөр" ишканасында үч миңден ашык кызматкер иштейт. Алардын 70 пайызы керектөө жана ипотекалык насыяларды алуучулар болуп эсептелет. 

"Бизде карызы жок жашоо мүмкүн эмес. Мындан тышкары, өлкөдө тоо-кендерин иштеткен компаниялардын саны аз болгондуктан "Кумтөрдүн" кызматкерлери ишсиз калуусу ыктымал. 20 миңден ашык адамдын тагдыры компанияга байланыштуу болгондуктан бардыгы каршылык акциясына чыгууга даяр", — деп билдирди Кожокматов.

Кызматкерлердин жамааты президент Алмазбек Атамбаевге ишкананын жабылып калуу коркунучу жаралгандыгы үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранып кайрылышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0