ӨКМ: суу каптаган жолдорду бекемдөө иштери уланууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРДарыя жээгин бекемдөө. Архив
Дарыя жээгин бекемдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерлерге эксковатор, жүктөгүч, самосвал сыяктуу унаалар жиберилген. Суу турак үйлөргө кирген эмес.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагындагы суу каптаган жолдорду бекемдөө иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Чу дарыясы нугунан көтөрүлүп, Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун бир бөлүгүн жеп кетти. - Sputnik Кыргызстан
Чу дарыясы Бишкек — Кемин автожолунун бир бөлүгүн жеп кетти
Эскерте кетсек, кечээ Кыргызстандын Чүй облусунун Ысык-Ата, Жайыл, Панфилов, Чүй райондору жана Нарындын Ат-Башы районунда дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдорун жеп, айдоо жерлерди каптаган. 

Ушу тапта суу жеген жерлерге атайын техника тартылып, жээктерге кум төгүлүүдө. Министрлик учурда суулардын көлөмү бир аз төмөндөп калганын белгиледи. 

Турак үйлөргө зыян келген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0