ЦУМ кооптуу делген мажүрүм талдарды сактап калмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЦУМдун жанындагы мажүрүм талдар. Архив
ЦУМдун жанындагы мажүрүм талдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин иликтөө жүрүп, анда кооптуу абалдагы талдарды кыйып салуу сунушу айтылган.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн администрациясы оңдолуп жаткан фонтан комплексинин аймагындагы мажүрүм талдарды кыйбай турган болду. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Буга чейин Илимдер академиясынын адистери аталган аймакта өскөн үч мажүрүм тал менен дагы 12 бакты кооптуу абалда деген корутунду чыгарып берген.

Айчүрөк дүр-дүйнө дүкөнүнүн фонтан комплексинин долбоору - Sputnik Кыргызстан
ЦУМдун жанындагы фонтандын оңдоодон кийинки көрүнүшү
Учурда соода борборунун жетекчилиги "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын адистери менен бактардын тамырларын бекемдөө ыкмалары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Долбоор боюнча ЦУМдун аймагында түтүктөр, электр чубагылары, бассейн жана сордуруучу станцияларды алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Дүкөн жетекчилиги мажүрүм талдар шаар тургундарынын өмүрүнө кооптуулук жараткан учурда гана кыйыларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0