УКМК Чубак ажы Жалиловго расмий эскертүү берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-муфтий Чубак ажы Жалилов. Архив
Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума намазы үчүн түштөнүү убактысын бир саатка узартуу мыйзам долбоору тармактык комитетте колдоо таппай, ага каршы добуш берген депутаттарга Чубак ажы Жалилов кескин сын айтып, алардын жаназасына барбайм деген.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловго расмий эскертүү берди. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди. 

Муфтият. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият Чубак Жалилов менен депутат Жанар Акаевди элдешүүгө чакырды
Эске сала кетсек, жума намазы үчүн түштөнүү убактысын бир саатка узартуу мыйзам долбоору тармактык комитетте колдоо таппай, ага каршы добуш берген депутаттарга Чубак ажы Жалилов кескин сын айтып, алардын жаназасына барбайм деген. 

"УКМК 41 жаштагы Чүй облусунун тургуну Чубак ажы Жалиловго анын мындай билдирүүсүнө жол берилбей турганын айтып, расмий эскертүү берди", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми бүгүн парламенттин отурумунда аталган мыйзам долбоордун демилгечиси Тазабек Икрамов коомчулукту кызыл чеке түшүргөн сунушу үчүн калың элден жана Чубак ажыдан кечирим сурады.

Жаңылыктар түрмөгү
0