Бишкекте күйүп калгандар үчүн Нарында кан тапшырып жатышат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКан тапшыруу. Архив
Кан тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кан тапшырууга негизинен мамлекеттик, саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышып жатат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Нарын шаарында жакында эле Бишкекте газ ташыган автонуаа жарылышынан жапа чеккендер үчүн "Жабыркагандарга жардам" аттуу акциянын алкагында кан тапшыруу жүрүп жатат. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы Кан борборунун жетекчиси Анара Сманова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Эскерте кетсек, 6-июнда кечинде газ ташуучу автоунаа жарылып, андан 11 киши жабыркап, алтоо оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда алардын үчөө ооруканадан каза тапты. Калган үчөөнүн абал оор.

"Бул акцияга 50гө жакын катышты. Негизинен мамлекеттик кызматкерлер жана саламаттык сактоо жайларынын жетекчилери, кызматкерлери келди. Андан сырткары, жашоочулар да болду", — деди Сманова.

Ал адатта иш күнү саат 15:00гө чейин экендигин, бирок келгендердин аягы үзүлбөгөндүктөн, кан борборунун ишин узарткандыктарын кошумчалады. 

"Баары бир боорукер адамдар көп экен. Кан алуу иштери негизинен саат 15:00гө чейин болсо, бул акциядан улам аны кечки саат бештерге чейин узарттык. Каалоо менен келгендердин бир катары ден соолугунун айынан донор боло албай да калышты", — деди жетекчи. 

Эскерте кетсек, акция кечээтен бери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0