№50 тергөө абагындагылар кыйноого дуушар болгонун айтып арызданышты

Жазылуу
Доочулардын арыздары кабыл алынганы менен прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартты.

БИШКЕК, 9-июн.— Sputnik. №50 тергөө абагынан качып сот жообуна тартылган кылмышкерлер укук коргоо органдары тарабынан кыйноого дуушар болгонун айтышып арызданышкан. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунун отурумунда Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү билдиришти. 

Свердлов райондук сотунда бейшемби күнү №50 тергөө абагынан качып кеткен кылмышкерлердин соттук процесси уланды. 

"Нурсият Рысбекова (абактан качып каза болгон Алтынбек Итибаевдин жубайы) Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгы менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери сурак учурунда ага кол көтөрүшкөнүн айтып чыккан. Анын көгөрүп калган бутун биз сүрөткө тартып алганбыз", — деп билдирди аталган борбордун адиси Рысбек Мараимбеков. 

Ал №1 тергөө абагына Рысбекова киргизилгенде ден соолугуна нааразылык билдирбегенин кошумчалады. 

"Кыйноого кабылып жатышканын айтып, бардыгы арызданышты. Уриновдун (сот жообуна тартылган Музаффар Уринов) дагы токмоктолгону көрүнүп турат. Бардыгынын арыздары алынган. Бирок прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартты", — деп белгиледи Мараимбеков. 

Өткөн жылдын 11-октябрында №50 тергөө абагынан тогуз киши качып чыгып, түрмөнүн үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылышкан. Кийин ал ооруканада көз жумган. 

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот №50 тергөө абагынан качкандардын ишине терроризм айыбын да кошту
Күч түзүмдөрү тарабынын "Перехват" операциясы жарыяланып, анын натыйжасында бешөө кармалып, калган төртөө издөөгө алынган. Натыйжада үчөө жок кылынып, бирөө абакка кайтарылган. Алардын көбү тыюу салынган "Жайшуль-Махди" уюмунун мүчөлөрү болчу. 

Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда ал катуу каршылык көрсөткөн. Атышуудан улам ИИМдин бир кызматкери жана эки жай тургун көз жумган. 

№50 түрмөдөн кылмышкерлер качкандан кийинки окуялардын өрчүү иретин Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0