Соцтармакта кол чатыр көтөртүп алган дагы бир аткаминердин сүрөтү талкуу жаратты

© SputnikСнимок с социальной сети Facebook, на фото запечатлен чиновник, над которым предположительно помощник держит зонт
Снимок с социальной сети Facebook, на фото  запечатлен чиновник, над которым предположительно помощник держит зонт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда облус жетекчиси катар тизилген бош отургучтардын биринде отуруп, анын артында турган костюм-шымчан киши жаандан калкалап кол чатыр кармап турат.

БИШКЕК, 9-июн.— Sputnik. Жакында эле Ош шаарында өткөн эл аралык "Этномаданият" фестивалында жамгыр жаап жаткан учурда кол чатырын артындагы кишиге карматып отурган аткаминердин сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланып, ал коомчулукта кызуу талкууга алынды.

Кол чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун жетекчиси кол чатырдын алдына кантип отуруп калганын айтып берди
Анда өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев катар тизилген бош отургучтардын биринде отуруп, анын артында турган костюм-шымчан киши жаандан калкалап кол чатыр кармап турат.

Социалдык тармакка жайгаштырылган сүрөткө пикир жазгандар кол чатырын карматуу аткаминерлер арасында адатка айланып бара жатат деген маанайдагы сындаган пикирлерин айтышууда.

"Бул эмне деген бай-манапчылык", — деп жазды Asel Ko аттуу интернет колдонуучу.

Анткен менен сүрөттөгү аткаминерди коргон пикирлер да айтылууда.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Эмсбюрен шаарындагы бала бакчага болгон сапарында - Sputnik Кыргызстан
Өлкө лидерлери жаан алдында же атка минерлер үчүн кол чатыр
"Көрбөй туруп туруп туура эмес комментарий жазган туура эмес. Ал жерде жамгыр жаап баштаганда элдин баары, Гулмира Кудайбердиева баш болуп тура качканда, губернатор элдин мээнетин баалап, кыз узатуудагы жөрөлгөнү сахналаштырып көрсөтүп жатканда ордунан турбай көрүп отурган. Султан Раев баш болгон топ жамгыр тийбеген жерге тура качкан. Ошто алгачкы жолу өткөн этномаданият фестивалы жогорку деңгээлде өттү эле, эми негатив жагын таап жарыялаган айрым блогерлерге табылбай калыптыр. Губернаторду эл билет. Көп иштеген адамга сынчы көп", — деп жазды Guljana Urmat Kyzy.

Буга чейин колду аркага алган адамга кызматчысы кол чатыр тосуп турган дагы бир сүрөт кызуу талкууга жем таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0